1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

83

Окуу-усулдук семинар жана конок лекциялар өтүлдү

 29-апрелде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасына Ош мамлекеттик университетинин немис тили кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү максатында, семинар жана конок лекциялар өтүштү. ОшМУнун доценти ф.и.к. А.К.Кайкыбашева – «Окуу-методикалык колдонмо жазуу ыкмасы», окутуучулар А.Ч.Осмоналиева – «ЖОЖдордо билим берүү процессинде санариптик технологияларды колдонуу»; Т.С.Султанбекова – «Didaktische Transformation des Liedes»; С.Т.Пусурова – «Чет тилдерин окутууда каталарды оңдоо технологиясы»; А.Бердибекова – «Didaktische Transformation des Liedes»; Ж.Маматисакова – «Die gruppenspezifische Lexik der Sondersprachen» -деген темаларда семинар, лекция өтүштү. Иш-чаранын негизги максаты жогорку окуу жайлар арасындагы илимий-педагогикалык кызматташтыкты бекемдөө, алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү болду. Мындай иш-чаралар жогорку окуу жайлар ортосундагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, инновациялык окутуу ыкмаларын жайылтууга жана келечектеги биргелешкен долбоорлорго кеңири жол ачат.