1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

27

Билимден кесипке: профориентация уланууда

2026-жылдын 23-апрель күнү филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын окутуучулары Г.А.Мыктарова, Н.К.Бекиева, жана Н.А.Ураимовалар Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы жалпы орто билим берүүчү мектептерде профориентациялык иш-чара уюштурушту. Иш-чаранын негизги максаты — бүтүрүүчүлөргө жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, тил багытындагы адистиктердин артыкчылыктары жана келечек кесипти туура тандоонун мааниси тууралуу кеңири маалымат берүү болду.Жолугушуу ачык форматта өтүп, окутуучулар университеттеги окуу процесси, студенттик жашоо, кафедранын ишмердүүлүгү жана чет тилдерин үйрөнүүнүн заманбап ыкмалары тууралуу тааныштырышты. Окуучулар активдүү катышып, суроолорун берип, толук жоопторду алышты. Бул иш-чара окуучулардын кесип тандоого болгон кызыгуусун арттырып, аларга келечекке туура багыт алууга шыктануу берди. Мындай жолугушуулар жаш муундун аң-сезимдүү тандоосуна жана билимге умтулуусуна чоң өбөлгө түзөт. Кафедра мындан ары да профориентациялык иштерди системалуу түрдө улантууну максат кылат.