1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

59

Интернет кылмыштары жана анын түрлөрү, коомго тийгизген таасири

КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин № 600, 23.06.2026 каттын негизинде 28-апрелде НТ-1-24 тайпасынын куратору Б.Ү.Молдобаева “Интернет кылмыштары жана анын түрлөрү, коомго тийгизген таасири “- деген темада куратордук саат өттү. Куратордук саатта интернет кылмыштары жана анын түрлөрү фишинг (алдоо жолу менен сырсөз же карта маалыматын алуу), хакердик чабуулдар (системаларды бузуу), кибербуллинг (интернет аркылуу шылдыңдоо же коркутуу), вирустар (компьютерге зыян келтирген программалар) жана онлайн алдамчылык тууралуу маалымат берилди. Бул көрүнүштөрдүн натыйжасында адамдар материалдык чыгымга учурап, психологиялык жабырланууга кабылып, өздөрүнүн жеке маалыматтарын жоготуп коюшу ыктымал. Мындай учурда, коомдо интернетке болгон ишеним да төмөндөйт. Ошондуктан ар бир адам интернетти колдонууда этият болуп, коопсуздук эрежелерин сактоосу керек. Күчтүү сырсөздөрдү колдонуу, шектүү шилтемелерге кирбөө, жеке маалыматтарды башка адамдарга бербөө жана антивирус программаларын колдонуу студенттерге эскертилди. Жыйынтыктап айтканда, интернет чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бирок аны туура жана коопсуз колдонуу ар бирибиздин жоопкерчилигибиз болуп саналат.