1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

Немец тилинин практикалык грамматикасы предметинен ачык сабак өттү

Филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу Бекиева Н.К. «Немец тилинин практикалык грамматикасы» предметинен “Wechselpräpositionen mit Dativ und Akkusativ” темасында ачык сабак өттү. Ачык сабакка институттун директору, ф.и.к., доц. м.а. Асылбекова Ч.А., институттун окуу-усулдук боюнча жетекчиси, улуу окутуучу Жороева Г.А., орус филологиясы кафедрасынын кафедра башчысы, ф.и.к., доц. м.а. Жусупова А.А. жана кафедрада окуу-усулдук боюнча жетекчиси, улуу окутуучу Жамашева Н., ошондой эле кафедранын кафедра башчысы Эсенова А.Г., окуу-усулдук боюнча жетекчиси Молдобаева Б.Ү. жана англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары катышышты. Сабак жогорку методикалык деңгээлде уюштурулуп, заманбап окутуу ыкмалары жана интерактивдүү методдор натыйжалуу колдонулду. Студенттер тема боюнча активдүү катышып, берилген тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышты. Сабактын жүрүшүндө теория менен практиканын айкалышы камсыздалып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган ыкмалар кеңири пайдаланылды. Катышуучулар сабактын мазмунуна жогору баа берип, окутуучунун кесипкөйлүгүн, сабакты уюштуруудагы чеберчилигин жана студенттер менен иш алып баруудагы натыйжалуулугун белгилешти. Жыйынтыгында, ачык сабак өз максатына жетип, педагогикалык тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү болду.