1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

Интернеттеги кылмыштуулук, коркунучтар жана алдын алуу чаралары

Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында студенттердин коопсуздугун камсыздоо максатында актуалдуу иш-чара уюштурулду. «Интернеттеги кылмыштуулук: коркунучтар жана алдын алуу чаралары» темасындагы куратордук саат студенттердин санариптик сабаттуулугун жогорулатууга жана кибермейкиндиктеги коопсуздук маданиятын калыптандырууга багытталды. Сабакты НТ-1-22 тайпасынын куратору, улуу окутуучу Эсенова А.Г. өткөрдү. Иш-чаранын алкагында киберкылмыштуулуктун жаңы түрлөрү, социалдык инженерия жана жасалма интеллект аркылуу жасалган алдамчылыктардын механизмдери каралды. Ошондой эле интернетте жалган маалымат таратуунун жана экстремисттик материалдарга байланыштуу аракеттердин юридикалык кесепеттери түшүндүрүлдү. Мындан сырткары жеке маалыматтарды коргоо, татаал паролдорду колдонуу жана эки этаптуу текшерүүнү иштетүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Сабак суроо-жооп жана талкуу форматында өтүп жатты Жыйынтыгында, студенттерге санариптик из калтырууда жоопкерчиликтүү болуу боюнча атайын сунуштамалар берилди. Бул жолугушуу жаштардын санариптик чөйрөдөгү коопсуздугун камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытындагы маанилүү жана пайдалуу кадам болду.