1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

 «Ачык эшиктер күнүндө мастер-класс өткөрүлдү»

27-апрелде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде « Ачык эшиктер күнү» болуп өттү. Өткөрүлгөн иш-чарага Филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы да активдүү катышты. Иш-чаранын негизги максаты — быйылкы бүтүрүүчү класстардын окуучуларына кесип тандоодо туура багыт берүү, университет жана анын курамындагы колледждер тууралуу кеңири маалымат берүү, ошондой эле абитуриенттерди окуу процесси менен жакындан тааныштыруу болду. Кафедранын улуу окутуучулары А.Г.Эсенова , Б.Ү. Молдобаева жана Н.К. Бекиевалар окуучуларга мазмундуу жана кызыктуу мастер-класс өтүштү. Мастер-класста немец тилинин өзгөчөлүктөрү, аны үйрөнүүнүн артыкчылыктары, ошондой эле келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди. Катышуучулар активдүү суроолорду берип, окутуучулар тарабынан толук жана негиздүү жоопторду алышты. Бул жолугушуу окуучулар үчүн пайдалуу маалыматка бай болуп, алардын келечектеги кесиптик тандоосуна оң таасирин тийгизет Мындай иш-чаралар жаштарды туура багыттоодо, алардын билим алууга болгон кызыгуусун арттырууда жана университет менен тыгыз байланыш түзүүдө өзгөчө мааниге ээ.