1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

17

“I Want to Be a Lawyer” темасында ачык сабак өткөрүлдү

2026-жылдын 23-апрелинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын окутуучусу  Тургунбаева Нурия тарабынан ЮК-1-2тайпасынын студенттерине англис тилинен “I Want to Be a Lawyer” аттуу ачык сабак өткөрүлдү.

Сабактын негизги максаты студенттердин чет тилинде эркин сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү, грамматикалык жана лексикалык бирдиктерди туура колдонууга үйрөтүү, кесиптик сөз байлыгын кеңейтүү жана юрист кесибине болгон кызыгуусун арттыруу болду. Ошондой эле келечекте өз ишин мыкты билген, жогорку квалификациялуу адис болууга багыт берүү көздөлдү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер интерактивдүү тапшырмаларды аткарып, топтор менен иштөө аркылуу өз ара кызматташуу жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле кызыктуу оюндар уюштурулуп, студенттер активдүү катышышып аларга калыптандыруучу баалар коюлуп жатты. Сабакта “Мыйзам жок жерде эркиндик да жок”, “Жакшы юрист мыйзамды билет, чоң юрист сотту билет” сыяктуу макал-лакаптар берилип, алардын мааниси англис тилинде талданып түшүндүрүлдү.

Мындан сырткары Кыргызстандын эң белгилүү жана кадыр-барктуу юристтеринин сүрөттөрү көрсөтүлүп, алардын өмүр жолу жана коомго кошкон салымы тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле алардын “Мен адилетсиздикти көргөндө кайдыгер боло албайм” деген принциптери студенттер үчүн үлгү катары сунушталды.

Жыйынтыктоо бөлүгүндө студенттер тарабынан даярдалган “My Future Profession is a Lawyer” аттуу презентациялар көрсөтүлүп, анда юрист кесибинин жоопкерчилиги, мааниси жана коомдогу орду чагылдырылды. Сабактын соңунда кайтарым байланыш жүргүзүлүп, студенттер өз пикирлерин билдиришти.

Ачык сабакта заманбап педагогикалык технологиялар, анын ичинде интерактивдүү таблицалар жана визуалдык схемалар натыйжалуу колдонулуп, студенттердин теманы терең өздөштүрүүсүнө жана кесиптик баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Сабакка кафедра жамаатынын окутуучулары катышып, улуу окутуучулар Молдобаева Бактыкан жана Эсенова Айчүрөк тарабынан жогору бааланып, эң жогорку деңгээлде өттү деп белгиленди.