1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

56

“English speaking countries” темасында ачык сабак өтүлдү

2026-жылдын 23-апрелинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын окутуучусу Досиева Динара Юк-2-25 тайпасынын студенттерине “English Speaking Countries” темасында ачык сабак өттү. Сабактын негизги максаты студенттердин англис тилинде сүйлөө жөндөмдөрүн өнүктүрүү, өлкөлөр тууралуу маалымат берүү жана жаңы сөз байлыгын кеңейтүү болду.

Сабак заманбап усулдар менен уюштурулуп, презентациялык слайддар кеңири колдонулду. Студенттер эки топко бөлүнүп, ар түрдүү интерактивдүү тапшырмаларды аткарышты. Тактап айтканда, өлкөлөрдү, борбор шаарларды жана мамлекеттик символдорду дал келтирүү тапшырмалары берилип, топтук иш жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, студенттер өз алдынча даярдаган презентацияларын сунуштап, англис тилдүү өлкөлөр тууралуу кызыктуу маалыматтарды бөлүшүштү. Ар бир топ жаңы сөздөрдү колдонуу менен сүйлөмдөрдү түзүп, өз ойлорун англис тилинде эркин жеткирүүгө аракеттеништи.

Сабактын акыркы бөлүгүндө теманы жыйынтыктоо максатында тесттик тапшырмалар уюштурулуп, студенттердин алган билимдери текшерилди. Ачык сабак жандуу, кызыктуу жана жогорку деңгээлде өтүп, студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттырды.