1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

Кесип тандоо — келечекке багыт

20-апрель күнү филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын окутуучулары Д.Асылбекова ,С.Алибаевалар Манас шаарындагы №13  Р. Азимов атындагы, №7 А. Усман атындагы  жана  №2  К. Закиров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчү окуучулар үчүн  профориентациялык иш-чара уюштурущту. Иш-чаранын негизги максаты — окуучуларга немец тили адистигине тапшыруунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңири тааныштырып, алардын келечектеги кесип тандоосуна туура багыт берүү болду. Ошондой эле студенттик жашоо, эл аралык программалар жана академиялык алмашуулар тууралуу да кеңири маалымат берилди.  Жолугушуу жандуу баарлашуу, активдүү суроо-жооп форматында өтүп, окуучулардын кызыгуусун арттырууга чоң түрткү берди. Мындай иш-чаралар жаштардын келечекке болгон ишенимин бекемдеп, туура кесип тандоого багыт берүүгө өзгөчө мааниге ээ.