1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

63

«Эл аралык илимий конференция»

Ош мамлекеттик университети жана Ала-Тоо эл аралык университети тарабынан 2026-жылдын 21-апрелинде «Филология, билим берүү жана туруктуу келечек» аталышындагы  эл аралык илимий-практикалык конференция ийгиликтүү өткөрүлдү.  Аталган иш-чарага, немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын  ф.и.к., доценттин м.а. Асылбекова Чырашкан Айтмурзаевна активдүү катышып келди. Конференциянын жүрүшүндө  филология жана билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча өзүнүн илимий көз карашын билдирип, уюштуруучуларга жана катышуучуларга каалоо-тилектерин айтып, ыраазычылык билдирди.  Иш-чаранын негизги максаты – филология жана билим берүү тармагындагы заманбап тенденцияларды талкуулоо, туруктуу өнүгүү контекстинде актуалдуу илимий маселелерди кароо, ошондой эле окумуштуулар менен жаш изденүүчүлөрдүн ортосунда тажрыйба алмашууну жана эл аралык кызматташууну чыңдоо болуп саналат.  Конференциянын алкагында катышуучулар филологиянын актуалдуу багыттары, билим берүү системасындагы жаңылануулар, санариптик технологияларды колдонуу, маданияттар аралык коммуникация жана инклюзивдик билим берүү маселелери боюнча баяндамаларды угуп, талкууларга активдүү катышышты.