1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

49

Профессионалдык багыт берүү – заман талабы: №10 Тойгонбай Кошматов атындагы мектептеги жолугушуу

Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөр үчүн кесип тандоо — өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү кадам. Мына ушул максатта жаштарга туура багыт көрсөтүү үчүн ЖАМУнун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын окутуучулары Тургунбаева Нурия жана Досиева Динара, НТ-1-22 тайпасынын активдүү студенти Алиева Мээримай менен биргеликте №10 Тойгонбай Кошматов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде жолугушуу өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар мектептин 11-а, б, в, г, д класстарынын окуучуларына ЖАМУдагы билим берүүнүн артыкчылыктары, чет тилдерди үйрөнүүнүн заманбап мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык байланыштар тууралуу кеңири маалымат беришти.

Өзгөчө бөлүктө НТ-1-22 тайпасынын студенти Алиева Мээримай өзүнүн окуу тажрыйбасы, университеттеги коомдук иштерге катышуусу жана жаштар үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кызыктуу баяндама жасады. Бул мектеп окуучулары үчүн студенттик жашоонун реалдуу көрүнүшүн түшүнүүгө чоң мүмкүнчүлүк жаратты.

Жолугушуунун жүрүшүндө мектептин бүтүрүүчүлөрү окутуучуларга өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, окууга тапшыруу тартиби, бюджеттик жана контракттык орундар, ошондой эле стипендиялык программалар боюнча кеңири жооп алышты.

Иш-чаранын соңунда окуучуларга маалыматтык буклеттер таратылып, жолугушуу жылуу маанайда жыйынтыкталды.

Жыйынтыгында мектеп жамааты жана окуучулар иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти. Мындай жолугушуулар жаштарга келечектеги кесибин туура тандоого чоң жардам берери белгиленди.