1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

50

Студенттер үчүн эффективдүү ачык сабак өткөрүлдү

2026-жылдын 20-апрель күнү немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын улуу окутуучусу А.Г. Эсенова ЛАК-1-24 тайпасына «Das Perfekt» темасында ачык сабак өттү.                                                                                                                   Сабак заманбап окутуу ыкмаларына негизделип, интерактивдүү форматта уюштурулду. Окутуучу теманы түшүндүрүүдө ар түрдүү колдонмолорду, интерактивдүү панелди материалдарын, ошондой эле «Kahoot» платформасын жана карточкаларды активдүү пайдалануу менен студенттердин сабакка болгон кызыгуусун ойгото алды. Сабакта мультимедиалык презентациялар колдонулуп, теманын мазмуну жеткиликтүү жана түшүнүктүү берилди.                                                                                                                  Сабактын жүрүшүндө студенттер жуптарга бөлүгнүп иштешип, грамматикалык көнүгүүлөрдү аткарышып, «Perfekt» формасын практикалык түрдө өздөштүрүштү. Ошондой эле суроо-жооп, өз алдынча сүйлөм түзүү менен  студенттердин сүйлөө жөндөмдөрү өнүктүрүлдү. Айрыкча угуу тапшырмалары жана оюн форматындагы тесттер сабакты жандуу жана эффективдүү өткөрүүгө өбөлгө түздү.                                                                                                                                                  Ачык сабакка Филология институтунун окуу-усулдук иштери боюнча жоопту Жороева Г.А. жана кафедранын окутуучулары катышышты.  Сабактын акырында анализ берилип, ой-пикирлерин,сунуштарын айтышты.                                                                                          Жыйынтыгында, ачык сабак жогорку  деңгээлде өтүп, коюлган талаптар толук ишке ашырылды.