1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

65

Туура кесип тандоого багыт берүү

 2026-жылдын 16-апрель күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын окутуучусу Б.Молдобаева  Сузак районундагы № 25 М.Төрөмаматов атындагы жалпы  орто билим берүүчү мектебинде, № 50 Т.Тайгараев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде, №18 “Манас-1000”жалпы орто билим берүүчү мектептерде  кесипке багыт берүү максатында жолугушууларды уюштуруп өткөрүп келди. Бул иш-чаралардын негизги максаты — бүтүрүүчү класстын окуучуларына туура кесип тандоого багыт берүү болду. Жолугушуулардын жүрүшүндө окуучуларга немец тили адистиги жөнүндө тил үйрөнүүнүн артыкчылыктары жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалыматтар берилип, маалымат баракчалары таркатылды. Мындай иш-чаралар окуучулардын  келечекке болгон көз карашын кеңейтип, кесип тандоодо туура багыт алууга чоң өбөлгө түзөт.