1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

54

Тарбиялык иш-чара

2026-жылдын 13-апрель күнү 01-19/1964, 02.04.2026 каттын негизинде «24-март Элдик революция күнүнүн” 21 жылдыгына жана “7-Апрель – Элдик Апрель революциясынын ” 16 жылдыгына карата НТ-1-24 тайпасы тарабынан  тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Бул иш-чара студенттердин тарыхый аң-сезимин калыптандыруу, мекенчилдик сезимин күчөтүү жана өлкөнүн саясий өнүгүүсү тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү максатын көздөдү. Тарбиялык сааттын жүрүшүндө студенттер Жоогазын революциясы тууралуу кеңири маалымат алышты. Анда революциянын келип чыгуу себептери, жүрүшү жана анын жыйынтыктары талкууланды. Өзгөчө көңүл ошол кездеги коомдогу социалдык-экономикалык абалга, шайлоо процессиндеги кемчиликтерге жана элдин нааразычылыгына бурулду. Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өз ойлорун эркин билдирип, суроо-жооп аркылуу активдүү катышышты. Мындай тегерек столдор  жаштарды тарыхты терең түшүнүүгө, өз өлкөсүнүн келечегине кайдыгер карабоого жана жарандык жоопкерчиликти сезүүгө үндөйт. Жыйынтыгында, бул иш-чара студенттерге маанилүү тарыхый сабак болуп, алардын мекенчилдик жана жарандык позициясын бекемдөөгө өбөлгө түздү.