1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

КЕЛЕЧЕККЕ БАГЫТ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ

Филология институтунун директору, ф.и.к. доцент, м.а. Асылбекова Ч.А. жетектеген иш-чаранын алкагында Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын башчысы Эсенова А.Г. менен биргеликте профориентациялык иштер ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чара №21 С.Эшматов атындагы жана №35 Комсомол орто мектептеринде, ошондой эле Secom окуу борборлорунда уюштурулуп, бүтүрүүчү класстын окуучуларына келечек кесип тандоо боюнча кеңири маалымат берилди.  Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга жогорку окуу жайларындагы билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, чет тилдерин үйрөнүүнүн артыкчылыктары, заманбап адистиктердин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди. Ошондой эле абитуриенттерди кызыктырган суроолорго жооп берилип, алардын кесиптик багыт алуусуна көмөк көрсөтүлдү. Бул сыяктуу профориентациялык иштер жаштардын туура кесип тандоосуна өбөлгө түзүп, алардын келечекке болгон ишенимин арттырууда маанилүү роль ойнойт.