1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

59

КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ

          Кафедранын окутуучулары  М.О. Толубаева, Т.К. Абдыллаевалар Келечекке кадам аталышында профориентациялык иштерди №9 И. В. Мичурин атындагы орто мектеп жана №33 Р. Исманалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп базаларында уюштурушту. Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга Жалал-Абад мамлекеттик университети  тууралуу кеңири маалымат берилип, университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, институттары жана артыкчылыктары менен тааныштырылды. Ошондой эле Чет (немец) тили профили боюнча окуунун өзгөчөлүктөрү, анын келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөрү жана актуалдуулугу тууралуу маалыматтар жандуу суроо-жооп форматында өтүп, окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго толук жооп ала алышты. Мындай жолугушуулар жаштарга кесип тандоодо туура багыт берип, алардын келечекке болгон ишенимин арттырууда маанилүү роль ойнойт. Бүгүнкү күндө туура кесип тандоо — ар бир бүтүрүүчүнүн алдындагы эң жооптуу милдет.