1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

ЖАМУда чет тилдер боюнча университеттик олимпиада ийгиликтүү өттү

2026-жылдын 8-апрелинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде студенттердин билим деңгээлин көтөрүү жана таланттуу жаштарды колдоо максатында кезектеги университеттик олимпиада болуп өттү.

Бул интеллектуалдык таймашта немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган немец жана англис тилдери боюнча секциялар өзгөчө активдүүлүгү менен айырмаланды. Олимпиаданын негизги максаты студенттердин чет тилдерин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу, алардын тилдик компетенттүүлүгүн жана коммуникативдик жөндөмдөрүн өркүндөтүү болду.

Таймаштын программасы лексика-грамматикалык тесттерди, текст менен иштөө жана аналитикалык суроолорду камтыды. Катышуучулар тилдик билимдерин гана эмес, логикалык ой жүгүртүү мүмкүнчүлүктөрүн да көрсөтө алышты.

Олимпиаданын жыйынтыктоочу этабында немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын окутуучулары активдүү катышып, адилеттүү калыстар тобу тарабынан баалоо жүргүзүлдү.

Сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкү багыттарда жеңүүчүлөр аныкталды:

1. Немец тили боюнча (профилдик адистиктер):

 I орун:  Асанбаева Адашкан  (НТ-1-24)

 II орун: Сапаралиева Акинай (НТ-1-25)

 III орун: Абдужапарова Аяна  (НТ-1-25)

 2. Немец тили боюнча (профилдик эмес адистиктер):

 I орун: Мамажанова Жибек (ЧТк-2-25)

 II орун: Юлдашваева Ситарахан (ЛАк-2-24)

 III орун: Балтабаева Таңсулуу  (ЧТк-3-25)

 3. Англис тили боюнча (профилдик эмес адистиктер):

 1-курстар

 I орун: Эркинов Элмурас  (ЭС-1-25)

 Мустафакулов Даниэль  (Юк-1-25)

 II орун: Лутфуллаев Яхё  (ФКк-1-25)

 Камилова Ботокөз  (ЛДб-1-25)

III орун: Адилжанова Мубина  (ЛДб-1-25)

2-курстар:

I орун: Сабиржанова Диёра (Фарм-1-24)

 Абдурасулов Байтур (Повтас-2-24)

 II орун: Тиленбаев Эламан (ИЭТ-1-24)

 Момунжанова Гүлсанам (ФМББ(М)-1-24)

Сыйлоо аземинде уюштуруу тобу жеңүүчүлөргө дипломдорду салтанаттуу     түрдө тапшырышты. Өз кезегинде кафедра жамааты катышуучулардын терең даярдыгын жогору баалап, аларды чын дилден куттукташты. Мындай иш-чаралар келечектеги адистердин эл аралык деңгээлде  атаандаштыкка  жөндөмдүү болушуна чоң өбөлгө түзөт.