1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

35

Аккредитациялык текшерүүнүн алкагында “Немец тилиндеги артиклдер”- деген темада ачык сабак өтүлдү.

2026-жылдын 25-март күнү аккредитациялык текшерүүнүн алкагында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын улуу окутуучусу Б.Ү. Молдобаева НТ-1-24 тайпасына “Немец тилиндеги артиклдер” – деген темада ачык сабак өттү. Өткөрүлгөн ачык сабактын негизги максаты — студенттерге немец тилиндеги артиклдердин колдонулуш өзгөчөлүктөрүн студенттерге терең түшүндүрүү, грамматикалык билимдерин бекемдөө жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү болду. Сабактын жүрүшүндө окутуучу заманбап ыкмаларды, колдонуу менен сабактын мазмунун кызыктуу жана жеткиликтүү уюштурду. Студенттер сабакка активдүү катышып, артиклдерди туура колдонууга байланышкан көнүгүүлөрдү аткарышты, мисалдар менен иштешти жана өз ойлорун немец тилинде эркин билдирүүгө аракет кылышты. Айрыкча жекече жана топтук иштер, суроо-жооп, карточкалар жана коммуникативдик тапшырмалар сабактын мазмунун кызыктуу жана натыйжалуу кылды. Ачык сабак билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, заманбап усулдарды колдонууга жана студенттердин тилдик компетенциясын өнүктүрүүгө багытталган иштердин жыйынтыгын көрсөттү.