1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

25

Аккредитациялык  текшерүүнүн алкагында ачык сабак өтүлдү.

            2026-жылдын 25-мартында аккредитациялык текшерүүнүн алкагында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын филология илимдеринин доктору , профессор Б.Е.Дарбанов Тил илими предметинен “Заманбап  тил илими” - деген темада лекция өттү. Лекциянын негизги максаты — студенттерге азыркы тил илиминин негизги багыттары, илимий-теориялык негиздери жана заманбап лингвистиканын өнүгүү өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берүү болду. Студенттер лекцияга активдүү катышып, суроолорго жооп берип, өз пикирлерин эркин билдиришти. Лекциянын жүрүшүндө  тил илиминин бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелерин, жаңы багыттарын жана илимий изилдөөлөрдөгү ордун мисалдар менен түшүндүрүп берди.Лекция учурунда теориялык маалыматтар практикалык мисалдар жана илимий түшүндүрмөлөр менен айкалыштырылып, студенттердин сабакка болгон кызыгуусун ойготту.  Лекция аккредитациялык комиссия тарабынан жогору бааланып, окутуучунун жогорку деңгээлдеги методикалык даярдыгы, илимий мазмунду жеткиликтүү түшүндүрүү чеберчилиги жана студенттердин активдүүлүгү өзгөчө белгиленди.