1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Нооруз – улуттук маданияттын жарыгы

2026-жылдын 19-мартында Филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын НТ-1-22 тайпасынын студенттери Нооруз майрамына карата майрамдык кече өткөрүштү. Иш-чаранын максаты – кыргыздын каада-салттарын сактоо, улуттук маданиятты урматтоо жана келечек муунга жеткирүү. Студенттер кыргыздын кыз узатуу салтын чагылдырган сценкаларды көрсөтүшүп, кол күрөш оюндарын ойнотушту. Ошондой эле катышуучуларга чакан белектер берилип, даамдуу улуттук тамак-аштар сунушталды. Кыргыздын баалуулугуна айланган каада-салттарды келечек муунга жеткирүү, улуттук маданиятты урматтоо жана студенттерге өз тарыхын, маданиятын башкаларга көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берүү болду. Бул иш-чара студенттерге кыргыздын маданий мурастарын билүүгө, урматтоого жана башкаларга көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк болду.