1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

ЖАМУнун профессордук – окутуучулар курамы ОшМУда конок лекция жана мастер-класс өткөрүштү

2026-жылдын 13-мартында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын профессордук – окутуучулар курамы Профессор, ф.и.д. Б.Е. Дарбанов  “Ф. де Соссюрдун лингвистикалык концепциясы жана заманбап тил илими”, ф.и. к., доц. м. а. Ч.А. Асылбекова  “Вербалдык жана вербалдык эмес баарлашуу каражаттары”  жана  улуу окутуучулары А.Г. Эсенова жана Н.К. Бекиева   «Жасалма интеллект – билим берүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөр» аттуу темаларда, Ош мамлекеттик университетинин  немец тили кафедрасынын  профессордук – окутуучулар курамына жана студенттерине академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү максатында конок лекцияларды жана мастер-класс өткөрүп келишти.

Иш-чаранын негизги максаты — жогорку окуу жайлар арасындагы илимий-педагогикалык кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана академиялык мобилдүүлүктү өркүндөтүү болду.

Иш-чаранын соңунда Ош мамлекеттик университетинин  жетекчилиги тарабынан сертификаттар тапшырылып, алардын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы жогору бааланды.

Мындай иш-чаралар жогорку окуу жайлар ортосундагы илимий-академиялык кызматташтыкты бекемдөөгө, билим берүү сапатын жогорулатууга, заманбап окутуу ыкмаларын жайылтууга жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түздү.