1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

54

НЕМЕЦ ТИЛИ ЖАНА ФАКУЛЬТЕТТЕР АРАЛЫК ЧЕТ ТИЛИ КАФЕДРАСЫНДА СТУДЕНТТЕР АРАЛЫК ОЛИМПИАДА БОЛУП ӨТТҮ

Филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында студенттер арасында предметтик олимпиада өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты таланттуу жана шыктуу студенттерди аныктоо, ошондой эле алардын чет тилдерине немец тили жана англис тилине болгон  кызыгуусун арттыруу болду. Олимпиадага немец тили жана англис тили боюнча ар түрдүү

адистиктеги  тайпалардын  студенттери  катышышты. Сынак  оозеки жана тест түрүндө өткөрүлүп, ар түрдүү грамматикалык, лексикалык, жана комму-никативдик тапшырмаларды камтыды. Катышкан студенттер өздөрүнүн грам-матикалык билимдерин, текст менен иштөө жана оозеки сүйлөо маданияты көндүмдөрүн жогорку деңгээлде көрсөтө алышты. Кафедранын тажрыйбалуу окутуучуларынан куралган калыстар тобу студенттердин иштерин калыс баалап, жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон студенттер аныкталды. Жеңүүчүлөргө кафедра тарабынан даярдалган атайын  мактоо баракчалары тапшырылды.

​Кафедранын окутуучулар курамы белгилегендей, мындай олимпиадалар студенттердин өзүнө болгон ишеничин арттырып, тил үйрөнүүгө болгон мотивациясын күчөтөт. Жеңүүчүлөр университеттик деңгээлдеги олимпиадага катышуу үчүн жолдомо алышты.

Олимпиада сергек атаандаштык, өз ара урматтоо жана академиялык чынчылдык шартында өттү.Мындай иш-чаралар студенттердин тилдик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана кесиптик даярдыгынын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.