1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

65

Заманбап эл аралык университетинде конок лекциялар өткөрүлдү

2026-жылдын 12-мартында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Немис тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын улуу окутуучулары Заманбап эл аралык университетине барып, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү максатында конок лекцияларды өткөрүп келишти.

Иш-чаранын негизги максаты — жогорку окуу жайлар арасындагы илимий-педагогикалык кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана академиялык мобилдүүлүктү өркүндөтүү болду.

Конок лекциялардын алкагында кафедранын окутуучулары тарабынан кызыктуу жана мазмундуу темалар сунушталды:

  • Филология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Асылбекова Чырашкан Айтмурзаевна «Вербалдык жана вербалдык эмес баарлашуу каражаттары» аталышындагы лекциясын окуп, баарлашуунун тилдик жана тилден тышкаркы каражаттарынын маанисине кеңири токтолду.
  • Улуу окутуучу Молдобаева Бактыкан Урусбековна «Немец тилинин артиклдери» темасында лекция өтүп, немис тилиндеги артиклдердин колдонулушу жана грамматикалык өзгөчөлүктөрү боюнча маалымат берди.
  • Улуу окутуучу Бекиева Нуркан Калмаматовна «Немец тилинин модалдык этиштери (грамматика боюнча)» темасында лекция окуп, модалдык этиштердин мааниси жана сүйлөмдө колдонулушу тууралуу практикалык мисалдар менен түшүндүрдү.

Конок лекциялар студенттер тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынып, жандуу талкуу жана суроо-жооп форматында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында университет жетекчилиги тарабынан окутуучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды.

Бул сыяктуу иш-чаралар жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, билим берүү сапатын жогорулатууга жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.