1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

49

“Medicine in Great Britain and in Kyrgyzstan” темасында ачык сабак өткөрүлдү

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Филология институтунун Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын окутуучусу С. Алибаева тарабынан “Medicine in Great Britain and in Kyrgyzstan” аттуу темада ачык сабак өткөрүлдү. Ачык сабак Медицина институтунун ЛДК-1-25 тайпасынын студенттери үчүн уюштурулуп, ага кафедранын окутуучулары катышып, сабактын жүрүшүнө байкоо жүргүзүштү.

Ачык сабактын негизги максаты – студенттердин англис тили боюнча билимдерин тереңдетүү, кесиптик багыттагы лексиканы өздөштүрүү жана Улуу Британия менен Кыргызстандын медицина тармагындагы өзгөчөлүктөрү, саламаттык сактоо системалары, медициналык кызмат көрсөтүүнүн уюштурулушу тууралуу маалымат берүү болду.

Сабак учурунда студенттер эки өлкөдөгү медицинанын өнүгүшү, саламаттык сактоо системасы, дарыгерлерди даярдоо, медициналык мекемелердин иши жана калкка медициналык жардам көрсөтүү маселелери боюнча презентациялар менен чыгышты. Ошондой эле студенттер Улуу Британия менен Кыргызстандын медицина тармагындагы окшоштуктарын жана айырмачылыктарын салыштырып талдап, өз ойлорун англис тилинде билдиришти.

Окутуучу С. Алибаева сабакта интерактивдүү окутуу ыкмаларын, топтук иштерди, суроо-жооп, талкуу жана мультимедиалык каражаттарды натыйжалуу колдонуп, студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттырды. Студенттер активдүү катышып, медициналык терминдерди колдонуу менен диалогдорду түзүп, өз ара пикир алышуу аркылуу практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүштү.