1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

Филология институтунун студент жигиттери жана агайлардын тапкычтыгы текшерилди

Филология институтунун НТ-1-24 тайпасы 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү майрамына карата видео ролик даярдап, институттун студент жигиттерин жана агайларын чын жүрөктөн куттукташты.

Майрамдык куттуктоонун алкагында студент жигиттерге жана агайларга логикалык суроолорду беришип, алардын тапкычтыгы текшерилди. Суроолорго активдүү жооп берген катышуучуларга НТ-1-24 тайпасы тарабынан чакан белектер берилип, майрамдык маанай тартуулашты. Ошондой эле алар институттагы бардык мырзаларга бекем ден соолук, узун өмүр, иштерине ийгилик жана Мекенибиздин тынчтыгы үчүн кошкон салымдарына ыраазычылык билдиришти.

Бул иш-чара институттун коомдук жашоосундагы маанилүү демилгелердин бири болуп, студенттердин чыгармачылыгын, активдүүлүгүн жана агай-эжелерге болгон терең урмат-сыйын дагы бир жолу айгинеледи.