1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

59

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ - БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЖАНЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

2026-жылдын 27-февраль күнү, Филология институтунун Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы тарабынан «Жасалма интеллект – билим берүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөр» аталышындагы мастер-класс жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чараны кафедранын улуу окутуучусу Б.Ү. Молдобаева жана улуу окутуучусу Н.К. Бекиева уюштуруп, алып барышты. Мастер-класстын негизги максаты – жасалма интеллекттин (ЖИ) билим берүү тармагындагы ордун, мүмкүнчүлүктөрүн жана практикалык колдонулушун окутуучуларга кеңири тааныштыруу болду. Мастер-класска Филология институтунун директору, филология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Ч.А. Асылбекова жана институттун профессордук-окутуучулук курамы катышып, өздөрүнүн кызыгуусун жана колдоосун билдиришти. Катышуучулар ЖИнин заманбап билим берүү системасындагы ролу, окутуу процессин оптималдаштыруу, сабак даярдоодо санариптик куралдарды колдонуу, тест түзүү, текст анализдөө, котормо иштери жана интерактивдүү материалдарды даярдоо мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө теориялык маалыматтар практикалык мисалдар менен айкалыштырылып, жасалма интеллект программаларын колдонуу жолдору жандуу көрсөтүлдү. Айрыкча, тил үйрөтүүдө ЖИни пайдалануунун артыкчылыктары – студенттердин кызыгуусун арттыруу, жекелештирилген окутууну камсыз кылуу, убакытты үнөмдөө жана сапатты жогорулатуу сыяктуу маселелер кеңири талкууланды. Мастер-класс заманбап техникалык жабдууларды колдонуу менен, интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар активдүү суроо-жооп жана пикир алмашуу жүргүзүштү. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүнө жана санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга чоң салым кошту. Жыйынтыгында, катышуучулар жасалма интеллектти билим берүү процессине туура жана натыйжалуу интеграциялоо бүгүнкү күндүн талабы экенин белгилешип, мындай практикалык мастер-класстарды мындан ары да улантуу зарылдыгын билдиришти.