1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

54

21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата тегерек стол өткөрүлдү

2026-жылдын 24-февраль күнү филология институтунун НТ-1-25 тайпасы  эл аралык эне тил күнүнө «Немец тилинин Кыргызстандагы орду» аталышындагы тегерек стол улуу окутуучу Бекиева Н.К. тарабынан иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты –дүйнөлүк тилдерди бүгүнкү күндөгү маанисин жана өнүгүү келечегин талкуулоо, ошондой эле башка чет тилдерди үйрөнүүнүн зарылдыгын студенттер арасында кеңири түшүндүрүү болду. Тегерек столдун жүрүшүндө студенттер немец тилинин билим берүү тармагындагы, илимий байланыштагы жана эл аралык кызматташуудагы ролу тууралуу өз ойлорун билдиришти. Мындан сырткары, азыркы глобалдашуу шартында бир нече тил билүүнүн артыкчылыктары, жаштар үчүн ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөр жана тил үйрөнүүнүн келечектеги кесиптик өсүшкө тийгизген таасири тууралуу кеңири пикир алышуу болду. Бул иш-чара студенттердин тилдерге болгон кызыгуусун арттырып, эне тилди урматтоо менен бирге чет тилдерди үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады. Тегерек стол  катышуучулар үчүн пайдалуу жана мазмундуу болду.