1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

23

Тарбиялык саат «Советтик Аскерлердин Ооган согушу»

2026-жылдын 12-февралында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын НТ-1-24 жана НТ-1-25 тайпалары үчүн тарбиялык сабак өткөрүлдү. Сабакты улуу окутуучу Бекиева Нуркан Калмаматовна өттү.

Сабактын темасы — «Советтик аскерлердин Ооган согушу (1979–1989)». Студенттерге согуштун келип чыгышы, максаты, жүрүшү жана Советтик аскерлердин жоготуулары тууралуу кеңири маалымат берилди. Сабактын жүрүшүндө студенттер менен согуштун окуяларын кайрадан эскеришти, согушта курман болгондорду эскерүү максатында 1 мүнөттүк тынчтык эскерүүсү өткөрүлдү. Мындан тышкары, согушта катышкан аскерлерди эскерген тарыхый жана патриоттук мааниси бар ырлар аткарылды. Бул иш-чара студенттерде тарыхый окуяларга түшүнүк жана патриоттук сезимди күчөттү.

Студенттер активдүү катышып, суроолорун берип, тарыхый фактыларды талдап, аналитикалык ой жүгүртүүсүн өркүндөтүштү. Сабактын аягында материалдар боюнча кыскача суроо жооп жана талкуу жүргүзүлүп, теманы терең түшүнүүсү бааланды.

Сабактын максаты — студенттерди патриоттук жана коомдук жоопкерчиликти түшүнүүгө, тарыхый окуяларды туура баалоого үйрөтүү, ошондой эле келечекте аскердик жана маданий эскерүүлөрдү сактоого кызыктыруу болду.