1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

32

Адаптациялык-педагогикалык практика

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун чет (немец) тили адистигинин НТ-1-24 тайпасынын студенттери 2025–2026-окуу жылынын 26-январынан 7-февралына чейин адаптациялык-педагогикалык практикадан өтүштү. Практиканын жүрүшүндө студенттер окуу процессинин уюштурулушу, сабак өтүүнүн методикалык өзгөчөлүктөрү менен таанышып, мугалимдик ишмердүүлүккө алгачкы практикалык тажрыйба топтошту. Сабактарга катышып, байкоо жүргүзүү аркылуу теориялык билимдерин иш жүзүндө бекемдешти. Жумуш ордунда окутууну немец тили кафедрасынын башчысы А. Г. Эсенова жана улуу окутуучулар Б. Молдобаева жана Н. Бекиевалар уюштуруп, студенттерге методикалык колдоо көрсөтүштү. Практиканын жыйынтыгында кафедра жетекчилиги студенттердин активдүүлүгүн, жоопкерчиликтүү мамилесин жана кесипке болгон кызыгуусун жогору баалап, практиканын студенттердин кесиптик калыптанышында маанилүү роль ойной турганын белгилешти.