1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

63

Адаптациялык практика боюнча конференция    

Филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы тарабынан 2026-жылдын 26-январдан 7-февралга чейин өтө турган адаптациялык-педагогикалык практикасына арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты студенттерди практиканын мазмуну, максат-милдеттери менен тааныштыруу жана педагогикалык ишмердүүлүккө алгачкы адаптациялануусуна багыт берүү  болду. Конференцияда студенттер адаптациялык практика учурунда тажрыйбалуу окутуучулардын сабактарына катышып, байкоо жүргүзүү жана педагогикалык анализ жазуу аркылуу кесиптик тажрыйба топтой турганы белгиленди. Ошондой эле практика документтерин толтуруу талаптары, сабактарды анализдөөнүн ыкмалары жана мүмкүн болгон кыйынчылыктарды чечүү жолдору талкууланды. Иш-чара студенттердин педагогикалык ишмердүүлүккө этап-этабы менен адаптацияланышына жана келечектеги кесиптик  даярдыгына өбөлгө түздү.