Делегация менен онлайн жолугушуу

2024-жылдын 20-февралында Ош мамлекеттик университетинде “FAV –Offensive fuer Ausbildung und Beschaeftigung in Tueringen“ деген темада Германиянын Tюрингия Федераралдык аймагында жайгашкан “FAV Servise GGMBH” коммерциялык эмес компаниясынын жетекчиси профессор Хайко Шюлер, Денис Невински жана Бишкек шаарындагы Гете институтунун жетекчиси А.Атакеева, немец тилинин Түштүк боюнча өкүлү Ж. Сарыкбаева менен тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын башчысынын м.а. улуу окутуучу Н. Бекиева баштаган кафедра жамааты жана студенттери катышышты. Бул жолугушуунун негизги максаты Германияда үч жылдык дуалдык кесиптик билим берүү тармагында билим берүү ишмердүүлүгүн күчөтүү. Жолушууда Германияда кыргызстандык жарандарды квалификациялуу адистикке даярдоого кызматташуу жөнүндө маселе кошо көтөрүлдү жана бул кызматташуу күчөтүлө тургандыгын баса белгиленди. Жолугушуу учурунда студенттер өздөрүнө көптөгөн керектүү маалыматтарды алышты.