1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

24

«Weihnachten – Жаңы жыл»

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын жамааты студенттер менен биргеликте 23-декабрь күнү салтка айланган немец элинин «Weihnachten – Жаңы жыл» майрамын майрамдашты. Филология институтунун директору ф.и.к.,Ч.А.Асылбекова сөз сүйлөп иш чаранын жүрүшүнө ийгиликтерди каалап, өз тилектерин билдирди.

Бул өткөрүлгөн илимий ийрим иш-чарада студенттер «Weihnachten – Жаңы жыл» майрамынын тарыхы, улуттук үрп-адаттары, каада-салттары жана өзгөчө маданияты менен терең таанышышты. Студенттер немец тилинде макал-лакаптарды айтып, улуттук ырларды аткарып, көркөм окууларды көргөзүштү. Ошондой эле кызыктуу оюн-зооктор уюштурулуп, майрамдык маанай көрүүчүлөргө тартуулашты.

Бул майрам студенттер үчүн немец элинин маданиятын терең өздөштүрүүгө, тилге болгон кызыгуусун арттырууга жана билимдерин практикада бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк жаратты.