1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

72

 “Санариптештирүү жана окутуунун заманбап каражаттары” аталышындагы  илимий практикалык жана методикалык семинар.

2025-жылдын 12-13-декабрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы тарабынан уюштурулган “Санариптештирүү жана окутуунун заманбап каражаттары” аталышындагы  илимий практикалык жана методикалык семинар өткөрүлдү. Филология институтунун директору ф.и.к., Ч.А.Асылбекова семинардын ачылышында сөз сүйлөп каалоо тилектерин билдирди. Семинарды ф.и.к.,доцент З.К.Мамбетова Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин докторанты жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти Д.С.Токтогазиевалар “Санариптештирүү жана окутуунун заманбап каражаттары , тиркемелери” – деген темада өтүштү. Семинарда санариптештирүү – билим берүү системасын заманбап маалыматтык технологиялар аркылуу өнүктүрүү процесси болуп саналаарын жана бүгүнкү күндө окутууда санарип каражаттарды жана ар кандай тиркемелерди сабактарда колдонуу абдан маанилүү экендигин түшүндүрүп өттү. Андан соң катышуучулар топторго бөлүнүшүп окутууда колдонулган тиркемелер (Google Classroom, Pover Point, Duolingo, Kahoot, Quizizz,Canva ж.б.) бул каражаттар аркылуу маалымат визуалдык жана интерактивдүү формада берилет, натыйжада окуучулардын түшүнүүсү жана өз алдынча иштөө жөндөмү өнүгөт жанаокутуучу менен студенттер ортосундагы байланыштын натыйжалуу экендигин айтышты. Алар тапшырмаларды берүү, текшерүү, баалоо жана кайтарым байланыш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Ошондой эле, мобилдик тиркемелер окууну каалаган убакта жана каалаган жерде улантууга шарт түзөт. Негизги максаты – билим берүү процессинде санариптик технологияларды натыйжалуу колдонуу аркылуу окутуунун сапатын жогорулатуу, окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана алардын санариптик компетенцияларын калыптандыруу. Ошондой эле мугалим менен окуучунун өз ара байланышын күчөтүп, өз алдынча окуу, ой жүгүртүү жана чыгармачыл ишмердүүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет. Жыйынтыктап айтканда, санариптештирүү жана окутуунун заманбап  каражаттары окутууда жеткиликтүү жана эффективдүү кылат. Алар окуучулардын санариптик компетенцияларын калыптандырып, заман талабына жооп берген адистерди даярдоого өбөлгө түзөт. Өткөрүлгөн иш чарага филология институтунун жана чет тилдер колледжинин окутуучулар жамааты катышышты.