1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

64

«Заманбап лингвистикалык окуулардын негизги парадигмалары жана методологиясы» конок лекеция

2025-жылдын 12-декабрында Онлайн-форматта Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филилогия институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган “Санариптештирүү жана окутуунун заманбап каражаттары” – деген темада  илимий практикалык жана методикалык семинар болуп өттү. Филология институтунун директору ф.и.к., Ч.А.Асылбекова семинарды жылуу каалоо-тилектери менен ачып берди. Конок лекцияны Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ф.и.д., профессор А.Г.Бижкенова “Основные парадигмы и методология современных лингвистических учений” деген темада  өттү. Тилди илимий изилдөөдө колдонулуучу ыкмалар, принциптер жана теориялык негиздерди карайт. Методология тилдин түзүлүшүн, колдонулушун жана өнүгүшүн түшүнүүгө жардам берет. Замандын лингвистикасы грамматикадан баштап, психолингвистика жана социолингвистикага чейин ар кандай ыкмаларды колдонуп, студенттерге тилди системалуу жана илимий негизде изилдөөнү үйрөтөт. Конок лекция Google Meet платформасында уюштурулуп лекциянын жүрүшүндө катышуучулар суроолоду беришип пайдалуу маалыматтарды ала алышты.  Өткөрүлгөн иш чарага филология институтунун жана чет тилдер колледжинин окутуучулар жамааты катышышты.                                                                      Жыйынтыгында. ф.и.д., профессор А.Г.Бижкеновага терең жана мазмундуу баяндамасы үчүн, бардык катышуучулар ыраазычылык билдиришти. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп  илимий жана практикалык тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүүдө өтө маанилүү экендигин белгиледи.