1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

40

Балдардын экологиялык маданиятын калыптандыруу

12.12.2025-күнү Алиева Атыркүл Шайыковна НТ-1-24, НТ-1-25 тайпаларынын студенттерине «Балдардын экологиялык маданиятын калыптандыруу» - деген темада конок лекция өттү. Балдардын экологиялык маданиятын калыптандыруу бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу маселе экендиги,климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнүн булганышы жана жаратылыш ресурстарынын азайышы шартында жаратылышка аяр мамиле кылган муунду тарбиялоо зарыл экендигине токтолду.Экологиялык маданият – бул жаратылышка карата аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү мамиле, экологиялык билимдердин, практикалык көндүмдөрдүн жана баалуулуктардын жыйындысы. Ал балдардын инсандык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт. Студенттерге балдардын экологиялык маданиятынын маңызын түшүндүрүү, жаратылышка аяр жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун маанисин ачып берүү, ошондой эле Кыргызстандын шартында экологиялык тарбия берүүнүн негизги багыттары тууралуу түшүнүк калыптандыруу. Кыргызстандын шартында экологиялык тарбия улуттук салттарга жана заманбап экологиялык билимге таянышы керек. Кыргыз элинин жаратылышты ыйык туткан баалуулуктары, «Табият эне», «Жер-Суу» түшүнүктөрү балдардын экологиялык аң-сезимин калыптандырууда маанилүү тарбиялык ресурс болуп саналат. Балдардын экологиялык маданияты үй-бүлөдө, билим берүү мекемелеринде жана коомдук чөйрөдө биргелешкен аракеттердин негизинде калыптанат. Экологиялык тарбияга практикалык иш-аракеттерди жана активдүү катышууну киргизүү туруктуу натыйжа берет.

Жыйынтыгында студенттер балдардын экологиялык маданиятын калыптандыруу – келечек муундун туруктуу өнүгүүсүнө салынган маанилүү инвестиция экендигин түшүнүп, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө экологиялык тарбияга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы тууралуу жыйынтыкка келишти. Ошондой эле экологиялык тарбия үй-бүлө, билим берүү мекемелери жана коомдук чөйрөнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасында гана натыйжалуу ишке ашарын аңдап жетишти.