1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

66

“Talking Club”  (Баарлашуу)  ийриминин жаңы жылдык  иш-чарасы

2025-жылдын 12-декабрында  Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын “Talking Club” (Баарлашуу) ийриминин Медициналык фа-культетинде окуган ЛДб-1-25, ЛДб-2-25, ЛДк-1-25, ОКк-1-24 тайпаларынын студенттери тарабынан уюштурулган “Haрру New Year” аттуу жаңы жылдык майрамдык кече өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Медициналык институтунун  окуу иштери боюнча ди-ректорунун орун басары Ч.Т. Канкулова, окуу тарбиялык иштердин директордун орун басары М.А.Акимов, хирургия травматология кафедрасынын жетекчиси К.Жолдошов, мед.факттын бир нече кафедраларынын окутуучулары, немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын профессордук окутуучулук жамааты жана студенттер  катышышты.

Бул иш-чаранын негизги максаты студенттердин англис тилинде сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү, чыгармачылык жөндөмдөрүн ачуу жана жаңы жыл-дык жагымдуу маанай тартуулоо болду. Кечени ЛДб-1-25 тайпасынын студенттери Адылова Жыпара  жана Адылжанова Мубина жандуу алып барышып, катышкан студенттер англис тилинде куттуктоо сөздөрүн айтып, кызыктуу оюндарга, конкурстарга жана интерактивдүү тапшырмаларга активдүү катышышты.

Майрамдык программа  ыр-бийлер, сценкалар, викториналар жана командалык оюндар менен коштолуп, катышуучуларга көтөрүңкү маанай тартуулады. Ошондой эле ОКк-1-25 тайпасынын балдары менен ЛДб-1-25 тайпасынын кыздары аткарган жеңил бий көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, мыкты аткаруу катары белгиленди.

 Иш-чаранын жыйынтыгында “Talking Club”(Баарлашуу) ийриминин жетекчиси  Н.Тургунбаева,  Д.Досиева  катышуучуларга ыраазычылык билдиришип, активдүү катышкан мыкты студенттерге ардак грамоталарды тапшырышты.

Кеченин аягында уюштуруучу топко ыраазычылык билдирилип, МИнин директору З.И.Сакбаева тарабынан ийримдин жетекчиси Тургунбаева Нурияга  өзгөчө “ Ыраазычылык кат” тапшырды,  ал эми М.И.нун  окуу иштери боюнча директордун орун басары  Ч.Т.Канкулова, окуу тарбиялык иштердин директорунун орун басары  М.А.Акимов  сөз сүйлөшүп, каалоо-тилектерин билдиришти.

Бул иш-чара жогорку деңгээлде бааланып, студенттердин бири-бири менен эркин баарлашуусуна, достук мамилени чыңдоого өбөлгө түздү.