1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

81

Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгына арналган илимий акыл таймаш

2025-жылдын 5-декабрында Филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдык мааракесине арналган “Айтматов философиясы жана адамзаттын баалуулуктары” аттуу илимий акыл таймаш өткөрүлдү. Иш-чарага лингвистика, орус тили жана адабияты, англис тили жана адабияты, немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедраларынын студенттери катышып, Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык ойлорду жана адамзаттык баалуулуктарды талдоодо жигердүүлүк көрсөтүштү.Таймаштын жүрүшүндө студенттер өз билимдерин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана чыгармачыл изденүүсүн көрсөтүшүп, бири-бири менен атаандашуу менен катар тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. Акыл таймаштын уюштуруучулары — немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын окутуучулары Ураимова Нуриза жана Толубаева Молмол иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурушту, катышуучулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүшүп, мазмундуу жана кызыктуу тапшырмаларды даярдашты. Таймаштын жыйынтыгында мыкты натыйжа көрсөткөн командаларга дипломдор, грамоталар тапшырылды. Филология институту студенттердин интеллектуалдык жана чыгармачыл потенциалын колдоого багытталган мындай иш-чараларды мындан ары да уланта бермекчи.