1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

Бүтүрүүчү студенттер арасында офлайн сурамжылоо жүргүзүлдү

Филология институту немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы билим сапатын жогорулатуу, студенттердин адистикке даярдык деңгээлин анализдөө жана алардын мугалимдик кесипке болгон көз карашын аныктоо максатында бүтүрүүчү курс студенттери арасында кеңири офлайн көзөмөл сурамжылоосу өткөрүлдү. Сурамжылоо кагаз түрүндөгү сурамжылоо аркылуу жүргүзүлүп, студенттер окуу процессине болгон жеке пикирлерин жана сунуштарын ачык билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Сурамжылоонун негизги максаты — студенттердин университеттеги билим берүү системасы тууралуу субъективдүү тажрыйбасын угуу, окутуу программаларындагы күчтүү жана алсыз жактарды аныктоо, ошондой эле келечектеги маданий-педагогикалык компетенцияларга даярдык деңгээлин баалоо болду.

Бүтүрүүчү студенттер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо алар окуу программаларынын практикалык баалуулугу, методикалык даярдык, санариптик ыкмалар жана педагогикалык компетенциялары боюнча пикирлерин билдиришти. Ошондой эле студенттер жетишпей турган аспектилерди белгилеп, даярдыкты жакшыртуу боюнча сунуштарын жана жаңы 12-жылдык мектепте иштөөгө жардам берчү ойлорун жазышты.