1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

54

Кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыктоо конференциясы

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” Илимий билим берүү-өндүрүштүк комплексинин Филология институтунун НТ-1-22 тайпасынын студенттери 22-сентябрдан 22-ноябрга чейин  9 жумалык кесиптик-профилдик практикасын ийгиликтүү аяктап, 3-декабрь күнү жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү, ага студенттер жана практика жетекчилери менен катар филология институтунун директору ф.и.к. доц.м.а. Ч.А.Асылбекова жана ЖАМУнун карьера жана практиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева катышты. Конференциянын жүрүшүндө НТ-1-22 тайпасынын студенттери практика учурундагы иш-аракеттерди  чагылдырган презентацияларын сунуштап, багыттары  боюнча отчет беришти. Иш-чаранын соңунда Н.С. Жолдошалиева студенттерге педагог кесибинин мааниси тууралуу баалуу кеңештерин берип, алардын келечектеги кесиптик жолуна ийгиликтерди каалады. Жыйынтыктоочу конференция жылуу жана чыгармачыл маанайда өтүп, студенттер үчүн кесиптик тажрыйбасын бекемдеген маанилүү кадам болду.