21 - февраль - Эл аралык эне тил күнү
Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында 21- февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тил - улут уңгусу” аталыштагы дебат өткөрүлдү. Дебаттын максаты: өз эне тилин сүйүү, барктоо жана кийинки муундарга аздектеп калтыруу. Азыркы учурда жаштар чет жакка чыгуу максатында чет тилдерин үйрөнүшүп, бирок өз эне тилин унутта калтырып бараткандай. Ошол себептен бүгүнкү иш чарада өз тилин данктоо менен иш чара өз максатына жетти. Ошол эле учурда студенттер арасында сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, ага НТ-1-22 тайпасынын студенти Нурмаматова Нулифар колго тартылган сүрөтү менен катышты.Сүрөт мыкты көрүнүщтү чагылдырган жана дил баян, суроо - жооп иретинде дебат кызыктуу өттү. Иш-чара факультеттин деканы фил.и.к. Ч.А. Асылбекованын катышуусунда өткөрүлдү. Дебатка студенттер активдүү катышты. Иш чара өз максатына жетип, жогорку денгээлде өткөрүлдү.