1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

74

Тилдердин семантикалык жана лингвомаданий өзгөчөлүктөрү боюнча          онлайн вебинар

2025-жылдын 25-ноябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган “Англис, немец, орус жана кыргыз тилдериндеги семантикалык лингвомаданий салыштыруулар” темасында  эл аралык (МПГУ-ЖАМУ) онлайн вебинар өткөрүлдү. Онлайн-вебинардын негизги спикери МПГУнун М.Р.Львов атындагы башталгыч билим берүү кафедрасынын доценти Касымбекова Анара Адилбековна төрт тилдин лексикалык жана маданий өзгөчөлүктөрүн илимий негизде салыштырып, мисалдар аркылуу түшүндүрдү.  Иш-чара Zoom платформасында уюштурулуп, алардын арасында Кыргызстандын башка жогорку окуу жайлардын окутуучулары, ЖАМУнун немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер  кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле аудиториядагы окутуучулар, студенттер катышышты.

          Иш-чаранын модератору  ф.и.д., профессор Дарбанов Б.Е.  өз сөзүндө вебинардын максаты жана мааниси жөнүндө айтып, көп тилдүү лингвомаданий салыштыруулар боюнча жаңы илимий көз караштарды алуу катышуучулар үчүн пайдалуу болоорун белгилеп, талкууну мазмундуу жана кызыктуу уюштурду.        

          Вебинарды Ф.И.нун директору, ф,и,к.,доцент м.а., Асылбекова Ч.А. ачып берип, тилдердин семантикалык жана лингвомаданий салыштыруусу азыркы тил илиминдеги актуалдуу багыт экенин  белгилеп, спикер Касымбекова А.А.га кайрылып, анын катышуусуна ыраазычылык билдирди.

Немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын башчысы улуу окутуучу Эсенова А. Г. эл аралык, регионалдык деңгээлде катышып жаткан аудиторияны жылуу тосуп алып, мындай вебинарлар илимий көз карашты калыптандырууда өтө маанилүү экендигин белгиледи.   

Катышуучулар суроо-жооп бөлүгүндө активдүү катышып, көп тилдүү лингвомаданий өзгөчөлүктөр боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты.

Вебинардын жыйынтыгында модератор ф.и.д., профессор Дарбанов Б.Е.

спикер Касымбекова А.А.га терең жана мазмундуу баяндамасы үчүн, бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, эл аралык мүнөздө илимий жана практикалык тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түздү.