1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 часов назад

9

Кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыктоо жумалыгы

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын НТ-1-22 тайпасынын студенттери 2025--жылдын 22-сентябрынан 22-ноябрына чейин кесиптик-профилдик практикасын ийгиликтүү аяктады. Практика учурунда студенттер бөлүнгөн билим берүү мекемелеринде немец тили сабагын өтүп, методикалык көндүмдөрүн өркүндөтүп, теориялык билимдерин практикалык иш менен бекемдешти. Практиканын акыркы жумасы өзгөчө мааниге ээ болду. Бул жумада студенттер даярдаган ачык сабактарын өткөндө, практика жетекчилери алардын сабак пландаштыруу жөндөмүн, методикалык даярдыгын, сабак өтүү чеберчилигин, немец тилин колдонуу деңгээлин жана студенттер менен иштөө ыкмаларын баалашты. Ачык сабактар заманбап окутуу ыкмаларын камтып, презентациялар, диалогдор, топтук иштер, интерактивдүү көнүгүүлөр жана оюн элементтери аркылуу студенттердин чыгармачылыгын жана педагогикалык потенциалын көрсөттү. Практиканын жүрүшүндө студенттер күнүмдүк сабак пландарын түзүп, сабакка даярдануунун жолдорун өздөштүрүп, студенттер менен жеке жана топтук иш алып барышты. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин ички тартиби, документ жүргүзүү, педагогикалык этика сыяктуу кесипке тиешелүү маанилүү аспектилер менен таанышышты. Мындан тышкары алар тематикалык иш-чараларга, тарбиялык жана маданий иштерге активдүү катышып, өз идеяларын ишке ашырууда демилгелүүлүгүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында, кесиптик-профилдик практика студенттердин кесиптик даярдыгын чыңдоого, педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүгө жана келечектеги мугалимдик кесипке ишенимин бекемдөөгө чоң салым кошкон маанилүү этап катары бааланды. Студенттер чыныгы мугалим катары калыптанууга багыт алган баалуу тажрыйбага ээ болушту.