1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 часов назад

8

Окутуунун активдүү методдору

25-ноябрда “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы тарабынан уюштурулган “Окутуунун активдүү методдору” - деген темада усулдук семинар болуп өттү.

Бул семинарды педагогика илимдеринин кандидаты С.Ч. Осмоналиева өттү. Катышуучуларга “Окутуунун активдүү методдорунун” теориялык негиздерин, практика жүзүндө колдонуу жолдорун кеңири түшүндүрүп берди

Усулдук семинардын максаты – билим берүү тармагында заманбап педагогикалык технологияларды колдонуу, студенттердин ой жүгүртүүсүн, активдүүлүгүн жана өз алдынча иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу усулдарды таанытуу болду. Семинардын жүрушүндө топтук тапшырмалар, суроо жооптор менен коштолду. Студенттердин өз алдынча ойлонуу, талдоо, чыгармачыл мамиле жана практикалык ишмердүүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүү; окутуу процессинде мугалим менен студенттин биргелешкен ишин активдештирүү жана билимди өздөштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

Семинарга филология институтунун директору ф.и.к. Ч.А.Асылбекова жана окутуучулар , студенттер катышышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар окутуу процессин өркүндөтүүгө чоң салым кошконун, сунушталган методдор практикалык иште колдонууга пайдалуу экенин белгилешти. Усулдук семинар мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө, педагогикалык чеберчилигин арттырууга жана заманбап сабакты уюштуруунун жаңы жолдорун өздөштүрүүгө багытталган маанилүү иш-чара болду.