1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 год назад

161

Студенттер академиялык мобилдүүлүк

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын Нт-1-21 тайпасынын студенттери  Арсланбекова Самара  30.08.2023-ж. №5/599  жана Урозова Барчынай   30.08.2023-ж. №5/601 буйруктарынын негизинде 2023-2024-окуу жылынын күзгү семестринде Л.Н.Гумилев атындагы Евразия Улуттук университетининде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып келишти. Адистиктин академиялык мобилдүүлүгүнүн негизги максаты-бул адистикти даярдоодогу билим берүүнүн сапаттарын жогорулатуу жана дүйнөлүк аренада студенттердин аң-сезимдүүлүгүн ойготуу,келекчекте адис катары жумушка орноштуруу, эл аралык жогорку жана кесиптик билим берүү системасына катышуу, студенттердин эл аралык эмгек рыногунда атааңдаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле студенттердин кадыр-баркын чыңдоо болуп саналат. Л.Н.Гумилев атындагы ЕУУне барып келген биздин студенттер ал жактагы окуу шарттары боюнча толук студенттерге маалымат беришти. Маалыматтарды уккан студенттерге чоң таасирин тийгизип стимул болду.