1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

41

"Иш берүүчү жана эксперт менен жолугушуу"

2025-жылдын 20-ноябрь күнү Филология институтунда немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы тарабынан “Иш берүүчүлөр менен НБП талкуулоо” аттуу жолугушуу болуп өттү.

Бул иш-чара кафедра менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, билим берүү программасын эмгек рыногунун талабына ылайык өркүндөтүү жана иш берүүчүлөрдүн пикир-сунуштарын алуу максатында уюштурулду.

Иш-чарага шаардагы ОСОО “Deutsch intensiv” немец тили окуу борборунун адиси А.К.Мадиярова жана Erste Schritte өкүлү А.Бекмуратова, ошондой филология институтунун директору ф.и.к., Ч.А.Асылбекова, немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын окутуучулары катышты.

Кафедра башчы А.Г.Эсенова иш берүүчүлөрдү НБП менен тааныштырып презентация көрсөттү.

Катышкан иш берүүчүлөр өз тармактарындагы талаптар, керектелген компетенциялар жана студенттерден күтүлгөн кесиптик даярдык боюнча өз ойлорун бөлүшүп, НБП боюнча бир катар маанилүү сунуштарды беришти. Алардын билдирген пикирлери кафедра үчүн абдан маанилүү практикалык багыт болуп берди. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрду жумушка жайгаштыруу боюнча талкуу болду.

Иш-чара пикир алмашуу менен коштолуп, иш берүүчүлөр келечектеги кызматташтыкка даяр экендиктерин белгилешти.

Жолугушууну немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын окутуучулары, кафедранын карьера боюнча жооптуу окутуучусу Н.Т.Ураимова алып барып, иш берүүчүлөргө активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Филология институту мындан ары да иш берүүчүлөр менен биргеликте иш алып баруу аркылуу билим сапатын жогорултууну улантат.