1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

11

«Кесиптик-профилдик практиканын жүрүшүндө студенттердин педагогикалык жөндөмдөрүн өрчүтүү»

«Кесиптик-профилдик практиканын жүрүшүндө студенттердин педагогикалык жөндөмдөрүн өрчүтүү»

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын НТ-1-22 тайпасынын студенттери кесиптик-профилдик практикасындагы 2025-жылдын 18-ноябрь күнү  ачык сааттарын өтүштү. Практика учурунда студенттер “Deutsch Intensiv”окуу жайында  өз адистиги боюнча практикаларын өтүшүп, педагогикалык көндүмдөрүн практика жүзүндө бекемдешти.

Практиканттардын ачык сабактарына кафедранын жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ч. Асылбекова, улуу окутуучу Б. Молдобаева жана окутуучу Г. Мыктарова тарабынан методикалык көзөмөл жүргүзүлүп, сабактарга катышуу менен баалоо иштери жүрдү.

Ачык сааттарды  жогорку деңгээлде өтүшүп, студенттердин теориялык билимин иш жүзүндө көрсөтө билүүсү, заманбап окутуу ыкмаларын колдоно алышы, сабакты уюштуруудагы чыгармачылыгы жана немец тилин окутууда коммуникативдик ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, студенттердин кесипкөйлүк жөндөмдөрү, өз алдынча даярдыгы менен иш алып баруудагы аракеттери кафедра мүчөлөрү тарабынан жогору бааланды.  Жыйынтыгында студенттердин келечектеги мугалим катары калыптанышына өбөлгө болот.