1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

13

«Жумуш ордунда окутуу- практикалык көндүмдөрдү чыңдоонун натыйжалуу жолу»

2025-жылдын 18-ноябрь күнү немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Ч. Асылбекова чет (немец) тили адистигинин студенттери өтүп жаткан кесиптик-профилдик практика алкагында жумуш ордунда окутуу сабагын өткөрүп келди.  Бул окутуунун негизги максаты — студенттерге практикалык билим берүү, педагогикалык көндүмдөрүн чыңдоо жана класста өз алдынча иш алып баруу жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду. Ч.Асылбекова сабак учурунда заманбап окутуу ыкмаларын колдонуп, студенттер менен ишти интерактивдүү негизде уюштурду. Жумуш ордундагы окутуу студенттердин предметке болгон кызыгуусун арттырып, кесиптик жоопкерчиликти терең түшүнүүсүнө өбөлгө түздү.  Сабакты ийгиликтүү өтүп, студенттердин активдүүлүгү жана өз алдынча аракеттенүү жөндөмдөрү байкалды. Мындай практикалык сабактар студенттердин келечекте мыкты адис болушуна чоң өбөлгө болору анык.