1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

63

Жумуш ордунда окутуу: теория менен практиканын айкалышы

2025-жылдын 22-сентябрь айынан тартып 22-ноябрга чейин «Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий билим берүү  өндүрүштүк комплексинин  немец тили жана факультеттер аралык чет тили  кафедрасынын 4-курсунун студенттери кесиптик – профилдик  практиканын алкагында жумуш ордунда окутуу натыйжалуу, ийгиликтүү өтүүдө. Жумуш ордунда окутуу студенттерге өз адистиги боюнча кесиптик чеберчиликтерин реалдуу шарттарда бекемдөө мүмкүнчүлүгүн берип, окуу менен практиканы айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө.

Жумуш ордунда окутуу улуу окутуучу Б.Ү. Молдобаева жана  окутуучу Г.А.Мыктарова сыяктуу тажрыйбалуу практика жетекчилеринин көзөмөлүндө өтүп, алар студенттерди үзгүлтүксүз колдоп, усулдук жактан багыт беришүүдө. Жетекчилер практика учурунда студенттердин методикалык даярдыгына, сабактын түзүлүшүнө, окутуунун жандуу формаларын колдонуу жөндөмдөрүнө, ошондой эле окуучулар менен болгон мамилесине өзгөчө көңүл бурушту.

Студенттер өз ишинде инновациялык усулдарды колдонуп, немец  жана англис тилдери боюнча окуучулардын кызыгуусун ойготкон интерактивдүү сабактарды сунушташты. Алар окуучулардын тил билүү деңгээлин жогорулатууда диалогдук сүйлөшүүлөрдү, топтук иштерди, ролдук оюндарды жана мультимедиалык каражаттарды кеңири колдонушту. Жумуш ордундагы окутуу студенттер үчүн кесиптик жактан өсүү, тажрыйба топтоо жана келечектеги мугалимдик жолуна ишенимдүү кадам таштоо үчүн маанилүү тажрыйба болду.