1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

57

Кесиптик-профилдик  практика: жетекчилердин байкоосу жана студенттердин жетишкендиктери.

«Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун немец тили жана факультеттер чет тили кафедрасынын 4-курсунун студенттери кесиптик - профилдик практикасын 2025-жылдын 22-сентябрдан 22-ноябрга чейин  «DeutschIntensiv» окуу борборунда   өтүшүүдө. Студент-практиканттар «DeutschIntensiv» окуу борборундагы курска катышкан студенттер менен иштөө, методикалык пландаштыруу жана усулдук көндүмдөрүн өркүндөтүү иштерин жүргүзүштү. Кафедрада практика боюнча жетекчи Г.А.Мыктарова жана методист Б.Ү. Молдобаева  студенттер практикасын өтөп жаткан окуу борборуна барышып, студент-практиканттардын сабактарына катышышып, план -конспектилери менен таанышып, окуу процессинин жүрүшүнө кылдат көңүл бурушту. Жетекчилер сабактын темасына ылайык усулдук ыкмаларды колдонуу, окуучулар менен тыгыз байланышты түзүү, немец тилин окутууда чыгармачылыкты пайдалануу жагынан студенттердин ишмердигине жогорку баа беришти.

Студенттер, өз кезегинде, теориялык билимдерин практикада колдонуп, окуу-тарбия процессинде жоопкерчиликтүүлүгүн, кесипкөйлүгүн жана тил билүү деңгээлин көрсөтө алышты. Курска катышкан окуучулар  менен болгон жандуу баарлашуу, оюндар, диалогдор жана презентациялар аркылуу алар тил үйрөтүүдө заманбап жана эффективдүү ыкмаларды колдонуп жатышканы байкалды. Кесиптик-профилдик практика жылуу, колдоого алган жана шыктандырган атмосферада өттү. Бул тажрыйба студенттердин келечектеги мугалимдик жолунда бекем кадам таштоосуна өбөлгө түздү.