1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

75

Кесиптик-профильдик практика: немец улуттук күз майрамынын ачык тарбиялык сааттарда чагылдырылышы.

2025-жылдын 5-ноябрында немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында  4-курстун студенттери  А. Маматсакова жана А.Сайпидиновалар, практика жетекчилери Асылбекова  Ч.А. жана Эсенова  А.Г. катышуусунда «Deutscher Herbstmarkt – Немец күзгү жарманкеси» аттуу тарбиялык иш-чара өткөрүштү.

       Иш-чаранын максаты - студенттерди Германиянын маданияты жана салттары менен тааныштыруу, немец тилине болгон кызыгуусун жана сүйлөө маданиятын арттыруу,  чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ырлар, бийлер, оюндар жана презентациялар аркылуу коммуникативдик көндүмдөрүн активдештирүү саналат.

      Иш-чараны жүрүшүндө катышуучулар Германиянын күзгү майрамдары -  Erntedankfest, Oktoberfest жана Weinfest тууралуу маалымат алышып, маданий ыр-бийлерге, улуттук тамактардын жана күз мезгилинин композицияларынын  демонстрацияланышына күбө болушту. Иш-чарага катышкан студенттер активдүүлүгүн  көрсөтүшүп, команда менен иштөө, көпчүлүк алдында сүйлөө жана немис тилин турмуштук кырдаалда колдонуу жөндөмдөрүн өнүктүрүштү.

    Иш-чара жылуу, достук жана шыктануу атмосферасында өттү.